ОКУУНУ ТАРКАТУУ (#15400)

О, айланайын Кудайым, Сенин Сөзүңдү даңазалоого, куру бекер жалгандан баш тартып, акыйкатты ырастоого, касиеттүү ырларыңды таркатууга, улуулукту айкындап, адал пенделердин жүрөктөрүнө таң нурунун шооласын жагуу үчүн өз кулуңа жардамыңды бер. 
Сен, акыйкатта, Жоомартсың, Кечиримдүүсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

ОКУУНУ ТАРКАТУУ (#15401)

О, Кудай, жараткан Аллам! Өзүңдүн ишенимдүү пенделериңе мээримдүү жана назик жүрөк бер, жер жүзүндөгү бардык элдер арасында Жогорку Асмандан келген жетекчиликтин жарыгын жандырууга жардам кыл. Сен акыйкатта, Күчтүүсүн, Өкүмчүлсүң, Кудуреттүүсүң, Багындыруучусуң, түбөлүк Сыйкорсуң. Сен, акыйкатта Айкөлсүң, Кайрымдуусуң, Назиксиң, баарынан Жоомартсың.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

ОКУУНУ ТАРКАТУУ (#15402)

О, Сен, Теңдешсиз Кудай! О, Сен, Падышалыктын Теңири! Ушул жандар - Сенин көктөгү жоокерлериң. Аларга асман периштелеринин кошуундары аркылуу жардам бер, жеңиш тартуула, алардын ар бири бүтүндөй бир кошуунга айланып, бул өлкөлөрдү Кудайдын сүйүүсү жана Кудайдын окууларынын нуру менен багындырсын.
О, Кудай! Алардын колдоочусу менен таянычы бол; чөлдө жана токойдо, өрөөн жана тоолордо, талаа жана деңиздерде алардын сырдашы бол; Падышалыгыңдын күчү менен жана Ыйык Рухтун деми менен алар ураан чакырсын.
Акыйкатта, Сен Өкүмдарсың, Күчтүүсүң жана Кудуреттүүсүң, Сен Акылмансың, Баамчылсың жана Көрөгөчсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

ОКУУНУ ТАРКАТУУ (#15403)

*(АКШ жана Канада бахаилери үчүн ачылган дуба)

   
*Дин үйрөтүү үчүн башка өлкөлөргө баргандар сапарынын жүрүшүндө күнү-түнү ушул дубаны окусун:
О, Кудай, айланайын Кудайым! Өзүңдүн даңк падышалыгыңа суктанып жана ага байланганымды көрүп турасың, Сенин сүйүүңдүн оту менен адамдар арасында алоолонуп күйдүм, ушул кеңири жайылган учу-кыйры жок өрөөндөрдө Сенин Падышалыгыңдын кабарчысымын, Сенден башканын баарынан баш тартып, Өзүңө гана үмүт артам, эс алуу менен жайлуулукту унутуп, туулган жеринен алыста жүргөн жолоочумун, Сенин Бийик Босогоңдун алдында момундук менен кулдук урган, Өзүңдүн жогорку даңкыңдын асманы алдында башын ийген чет жердик кулуң түн жымжырттыгында жана таң азанда Өзүңө жалбарып, эртең менен да, кечкурун да Өзүңө кайрылып, Сенин Ишиңе кызмат кылууга жардам бер деп суранат, Батышта да, Чыгышта да  Окууңду таркатып, Сөзүңдү көккө көтөрүүгө көмөк сурайт. 
О, Теңир! Менин белимди бекемде, болгон күчүм менен Өзүңө кызмат кылууну насип эт, мени өз жайыма калтыра көрбө, ушул чоочун аймактарда жалгыз жана жардамсыз таштаба. 
О, Теңир! Жалгыздыгымда Сени менен баарлашууга ракым эт, чоочун жерде жанымда шеригим бол. 
Акыйкатта, Сен кимди кааласаң жана Өзүңө эмне ылайык келсе, ошону колдойсуң, акыйкатта, Сен бардыгынан 
Кудуретүүсүң, бардыгынан Күчтүүсүң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

ОКУУНУ ТАРКАТУУ (#15404)

*(АКШ  жана Канададагы  бахаилер  үчүн ачылган дуба)

   О, Кудай! Айланайын Кудайым! Бардык өрөөндү караңгылык каптап, бүт өлкөлөр чыр-чатактын жалынына чырмалып, согуш менен кыргындын оту Чыгыш менен Батышты каптаганын көрүп турасың. Кан төгүлүп, өлүк денелер жерди каптады, кыйылган баштар чаңга оронуп жатат. 
О Теңир! Бул билимсиздерди ая, аларга ырайымдуу жана кечиримдүү көзүң менен кара. Бул оттун жалынын өчүр, асман мейкинин жапкан түнөргөн булуттар тарасын, Акыйкат Күнү жаркырап тийип, жарашуу нурларын төксүн, ушул түнөргөн караңгылык таркап, бардык өлкөлөр тынчтыктын көз тайгылткан жарыгына бөлөнсүн.   
О, Теңир!  Аларды жек көрүүчүлүк менен кастыктын торунан бошот, ушул көзгө сайса көрүнбөс караңгылыктан чыгар. Алардын жүрөктөрүн бириктир, көздөрүн тынчтыктын, ынтымактын жарыгы ме¬нен нурлант. Аларды согуштун жана кан төгүүнүн түпсүз туңгуюгунан сууруп чык жана адашуунун караңгылыгынан бошот. Көздөрүндөгү көшөгөнү жулуп ташта, жүрөктөрүн жетекчилигиңдин жарыгы менен жаркырат. Аларга адилеттүүлүгүң менен эмес жана өтө кудуреттүү дегендер да калтаарыган Өзүңдүн каарың менен эмес, ырайымдуулугуң жана боорукерлигиң менен кара.
О, Теңир! Согуштар уланууда. Кайгы-кырсыктар көбөйүп, гүлдөп жаткан ар аймак чөлгө айланып барат.
О, Теңир! Адамдардын жүрөктөрүнө оор жүк түшүп, жан дүйнөлөрү сыздап ооруп турат. Бул бечера жандарды ая, өз кумар-эңсөөлөрү алардын түбүнө жетишине жол бербе.
О, Теңир! Жүздөрүн жетекчилигиңдин нуру жаркыраткан, көр тирликке байланбаган, Сенин ысымыңды даңазалаган, адамдар арасында Сенин касиетиңдин жыпарын таркатан момун жандарды Өз өлкөлөрүңө жөнөт.
О, Теңир! Аларды чыңда, белин бекем бууп, жүрөктөрүн Өзүңдүн улуу сүйүүңдүн жышаандары менен алоолонт. 
О, Теңир! Акыйкатта, алар алсыз, а Сен Күчтүүсүң жана Кудуреттүүсүң, алар жардамсыз, а Сен Жардамчысың, Боорукерсиң.
О, Теңир! Нааразылык мухитиң толкуду жана анын бороону Өзүңдүн бардык аймакты кучагына алган чексиз ырайымдуулугуң аркылуу гана басылат.
О, Теңир! Акыйкатта, адамдар өз кумарларынын сазына батты, аларды Сенин чексиз жоомарттыгыңдан бөлөк эч нерсе сактап кала албайт.	
О, Теңир! Бул бузуку кумардын караңгылыгын таркат жана жакында бүт өлкөлөргө жарык бере турган Өзүңдүн сүйүүңдүн жарыгы менен адамдардын жүрөктөрүн нурландыр. Сенин Сулуулугуңа ашык болгондуктан өз өлкөсүн таштап, үй-бүлөсү менен балдарын калтырып, Өзүңдүн Жыпарыңды таратуу үчүн жана Сенин Окууңду жарыя кылуу үчүн жер кезип жүргөн сүйүктүүлөрүңдү бекемде. Алардын жалгыздыгында шерик бол, бөтөн жерде жардамчысы бол, кырсык тооруганда сооротуучусу бол, азаптарынан арылтуучусу бол. Алар үчүн чаңкоосун кандыруучу мүрөктүн суусу бол, оорудан сакайтуучу эм бол, жүрөктөрүн куйкалаган аптаптан сактоочу шыпаа бол. Акыйкатта, Сен баарынан Жоомартсың, мол кут-берекенин Теңирисиң. Акыйкатта, Боорукерсиң жана Кайрымдуусуң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

ОКУУНУ ТАРКАТУУ (#15405)

*(АКШ жана Канада бахаилери үчүн ачылган дуба)
*Бул дуба окутуучуларга жана досторго күнүгө окуу үчүн берилген.
О, изги Теңир! Сага алкоолор болсун, анткени Сен бизге түз жолду
 көрсөтүп, падышалыктын дарбазасын ачып, Акыйкат Күнү аркылуу Өзүңдү тааныттың. Сокурлардын көзүн, дүлөйлөрдүн кулагын ачтың, өлүктөрдү тирилттиң, жакырларга береке төктүң, адашкандарга жол көрсөттүң; жумуру кургагандарды булактын башатына алып келдиң; чаңка¬ган балыкка акыйкат мухитине жетүүгө уруксат бердиң жана адашкан куштарды ырайымдуулугуңдун раушан багына чакырдың.  
О, бардыгынан Кудуреттүү! Биз Сенин бечара пенделериңбиз, Сенден алыстап, Өзүңө жете албай кусабыз, Сенин булагыңдын суусуна чаңкап турабыз, биз сыркообуз, Өзүңдүн дабаңа муктажбыз. Сенин жолуңду жолдоп келебиз, Өзүңдүн жыпарыңды таратуудан башка максатыбыз да, үмүтүбүз да жок, бардык жандар: «О, Кудай, бизди түз жолго сал» деп үн салышса экен деп тилейбиз.  Алардын көздөрү ачылсын жана жарыкты көрүшсүн, ылайым, түшүнбөстүктүн караңгылыгынан бошонушсун. Сенин жетекчилигиңдин чырагынын тегерегине чогулушсун. Куру калгандардын ар бири өз үлүшүн алсын. Ажырап калгандардын ар кимиси Сенин сырларыңа кошулсун.
О, бардыгынан Кудуреттүү! Мээримдүү каректериңди бизге бур. Көктөн колдооңду жөнөт. Бизге Ыйык Рухуңдун демин жибер, Сага кызмат кылууда жардамга ээ бололу, бул өрөөндөрдө Өзүңдүн жетекчилигиңдин жарыгын чачкан жылдыз сымал жаркырап туралы.

Акыйкатта, Сен Кудуреттүүсүң, Күчтүүсүң, Акылмансың жана Кыраакысың.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

ОКУУНУ ТАРКАТУУ (#15406)

*(Дуба түндүк-чыгыш штаттардын бахаилери үчүн ачылган)


*Кудайдын жыпарын таратуучулар күн сайын эртең менен бул дубаны окусун:
   О, Аллам, айланайын Кудайым! Падышалыгыңдын жолуна алып чыкканың үчүн, мага ушул узак жана түз жолго түшүүгө уруксат бергениң үчүн, Өзүңдүн жарыгыңдын сонундугу менен көздөрдүмдү нурлантканың үчүн, сыр падышалыгыңдын ыйык куштарынын добушуна кулагымды бурганың үчүн жана адал пенделериңдин арасындагы Өзүңдүн сүйүүң менен жүрөгүмдү туткундап алганың үчүн Сага алкоо жана ыраазылык билдирем.
О, Теңир! Ыйык Рухуң менен мени колдо, Өзүңдүн атың менен калк арасында жар салып, адамдар арасында Сенин падышалыгыңдын ачылышы туурасындагы кубанычтуу кабарды таркатайын. 
О, Теңир! Мен алсызмын, Өзүңдүн күчүң жана кудуретиң менен мени чыңда. Тилим так эмес, Сени эскерүүгө жана мактоого мүмкүндүк бер. Кордолдум, мени Өзүңдүн падышалыгыңа кабыл алып урмат көрсөт. Мен алысмын, мага Сенин ырайымдуулугуңдун босогосуна карай жакындоого уруксат бер. О, Аллам!  Мени жалындаган чырак, жаркыраган жылдыз кыл, жемиштери менен бутактары ошол аймакты бүт каптаган куттуу даракка айлант. Акыйкатта, Сен Күчтүүсүң, Кудуреттүүсүң, тоскоолдукту Билбессиң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

ОКУУНУ ТАРКАТУУ (#15407)

*(Дуба борбордук Штаттардагы  бахаилер үчүн ачылган)

                                       
*Бул дубаны... күн сайын окуу керек:
О, Кудай! о, Кудайым! Сенин алдыңдагы канаты сынган кушуң мына, анын учуусу жайлады, ага гүлдөп өнүгүүнүн, куткарылуунун бийик чокусуна учуп жетүүгө жардам бер, учу-кыйыры жок мейкиндиктеги анын учуу сапарын бакыт менен шаттыкка бөлө, Сенин Улуу Ысымыңды даңазалаган анын обонун бүт аймактарга тарат, бул таттуу чакырык менен кулактардын моокумун кандыр, көздөрдү жетекчилигиңдин жышаандары менен нурлант.
О, Теңир! Мен жалгызмын, жакырмын, бечарамын. Сенден башка колдоочум да, жардамчым да жок, таянычым да жок. Мени Өзүңө кызмат кылууга дайында, көктөгү периштелериңдин кошуунун жардамга жөнөт, Сөзүңдү жарыялоодо жеңиш тартуула, пенделериңдин арасында Сенин акылмандыгыңды кабарлоого татыктуу кыл. Акыйкатта, Сен алсыздарга Жардамчысың, чабалдарга Коргоочусуң. Акыйкатта, Сен Кудуреттүүсүң, Күчтүүсүң, тоскоолдуктарды Билбессиң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

ОКУУНУ ТАРКАТУУ (#15408)

*(Дуба батыш Штаттардагы бахаилер үчүн ачылган)


Бардык алкоолор Сага, о, айланайын Кудайым! Сенин ырайымыңдын жыпар жытына тартылган, жалгыздыгыңдын дарагында алоолонгон отуңдан тутанып жалындаган Өзүңдүн пенделериң мына; алардын көздөрү Сенин жалгыздыгыңдын Синайында жаркырап турган керемет нур менен нурланган. 
О, Теңир! Аларга тил бер, калк арасында алар Сени эскерип жүрүшсүн; ырайымың жана назик камкордугуң менен Өзүңдү алкоого аларды татыктуу кыл, периштелериңдин кошууну менен аларга жардам бер, Өзүңө кызмат кылууга алардын белин бекем буу жана жараткандарыңдын арасындагы Өзүңдүн жетекчилигиңдин жышаандары кыл. 
Акыйкатта, Сен бардыгынан Кудуреттүүсүң, эң Бийиксиң, түбөлүк Кечиримдүүсүң, Ырайымдуусуң.

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

ОКУУНУ ТАРКАТУУ (#15409)

*(Дуба Канададагы бахаилер  үчүн ачылган)


*Кудайдын жыпар жытын таркатуучулар ар күнү эртең менен ушул дубаны айтууга тийиш:
О, Кудай, айланайын Кудайым, көрүп турасың! Ушул бечара көктөн күч сурайт, ушул карып Сенин бейиштеги казыналарыңа муктаж, ушул чаңкаган жан түбөлүк жашоонун булагына умтулат, ушул сыркоо Сенин Жогорку Падышачылыгыңда Өзүңдүн тандалган пенделериңе багышталган чексиз ырайымдуулугуң аркылуу убада кылынган шыпааны тилеп турат.
 О, жараткан Аллам! Сенден башка жардамчым да, жашынаар жайым да, таянычым да жок. Көктөгү периштелериңдин кошууну аркылуу менен колдо, Сен тандагандардын арасында касиеттүү жыпар жытыңды чачып, Өзүңдүн Окууңду таратайын. 
О, кагылайын Теңирим! Сенден башканын баарынан баш тартууну насип кыл, Өзүңдүн жоомарттыгыңдын этегин бекем карманып, Сенин диниңе баш-отум менен берилүүгө, Сага болгон сүйүүмдө туруктуу жана бекем болууга жана Өзүңдүн Китебиңде Сен буйругандарды аткарууга татыктуу кыла көр. Акыйкатта, Сен Кудуреттүүсүң, Күчтүүсүң, бардыгын Кармап Туруучусуң.

 
*(Дуба Канададагы бахаилер үчүн ачылган)

-`Abdu'l-Bahá
-----------------------

